Turmush — Уюлдук телефон жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул жөн гана чалуулар жана билдирүүлөр менен алмашуу эмес, электрондук капчыктар, банк карталары, социалдык тармактардагы аккаунттар жана башка маанилүү жеке маалыматтардын булактары телефон номуруна байланган. Демек, ар бир абонент өз кызыкчылыгы үчүн номурунун өзүнүн наамына катталганына ынануусу зарыл. Beeline Кыргызстан муну кантип жасоо керек экенин эсиӊиздерге салат.
Биринчиден, номурдун каттоо абалын текшерүү керек. Эгер сиз Beeline уюлдук операторунун кызматтарын колдонсоңуз, *142# командасын терип, чалуу баскычын басыӊыз. Сиз бул номур кимге катталганы тууралуу маалымат камтылган SMS-билдирүү аласыз.
Эгерде номур сиздин атыңызга катталбаса, жакынкы Beeline кеңсесине кайрылсаңыз болот. Өзүңүздүн инсандыгыңызды тастыктаган документиңизди ала барууну унутпаңыз. Номур толугу менен бекер жана бир нече мүнөттүн ичинде катталып, сизге белек катары 5 ГБ интернет берилет.
Номурду үйдөн чыкпай эле өзүӊүзгө кайра каттатып алсаӊыз да болот:
• «Мой Beeline» мобилдик тиркемесине кириӊиз;
• «Дагы» бөлүмүндө «Каттоо» кошумча барагын ачыңыз;
• Паспортту эки тарабынан тең сүрөткө тартыңыз;
• Паспортуңуз менен сүрөткө түшүңүз;
• Код сөздү ойлоп табыңыз;
• Келишимди текшерип, ага кол коюӊуз.
«Мой Beeline» тиркемесине катталуу процедурасынан кийин сиз дагы 5 ГБ көлөмүндөгү интернет-топтомун белекке аласыз.
Номурду өз атыңызга каттап алгандан кийин, сиз өз номуруңузду толук башкара аласыз, куялардын детализациясына ээ болуп, жеке маалыматтардын коопсуздугу жөнүндө кабатырланбайсыз. Мындан тышкары, SIM-картаңызды же телефонуңузду жоготуп алсаңыз, номуруңузду оңой жана тез калыбына келтире аласыз.
Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!