Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери Россия Федерациясынын Забайкалье крайында өндүрүштүк практика өтөп жатат.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын ГСПМ-19, ГСПМ-20 тайпаларынын студенттери эки тараптуу келишимдин негизинде жөнөтүлгөн. Учурда студенттер, теориялык билимин практика менен айкалыштырып, геологиялык чалгындоо, издөө жумуштарын аткарууда.
ОшТУ Чита шаарындагы Ареал Ресурс геологиялык ишканасы менен эки тараптуу келишим түзүүдө. Окуу жайда бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу шарттары каралган.