Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагынын Дачное айылынын ички жолдоруна асфальт төшөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин 4 көчөгө асфальт төшөлсө, жакында калган 3 көчөгө асфальт төшөө иштери аяктады.
«Муну менен Дачное айылындагы ички жолдор 100 пайыз асфальтталды. Буга чейин айылдын тротуарлары жана асфальт жолунун эскилиги жеткенден улам таштак жолго айланып, аң-чөнөктөр пайда болгон. Себеби жол союз кезинен бери оӊдоодон өтө элек болчу. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү», - деп айтылат маалыматта.
Көчөлөрдү оңдоо иштерине 17 млн сомго жакын каражат жумшалды.
Лебединовка айыл аймагынын курамына 3 айыл кирет. Алар: Лебединовка, Дачное жана Восток айылдары.
Акыркы каттоо боюнча, Дачное айылында 1 103 адам жашайт.