Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери Россиянын ЖОЖдорунда өтүп жаткан «Жайкы университет-2023» долбооруна катышып жатат. Бул тууралуу долбоордун катышуучусу Канат Казакбаев билдирди.
Аталган саамалык «Жаштар. Инновация. Биримдик» аталышындагы федералдык долбоор деп аталып, Россия Федерациясынын жогорку билим берүү жана илим министрлиги жана Казань (Приволжск) Федералдык университети тарабынан уюштурулду. Долбоорго жалпы 25 өлкөдөн миңден ашык студент катышып, тандаган багыттарына жараша 3 университетке бөлүнгөн. Алар: РФнын Казань шаарындагы Казань Федералдык университети, Екатеринбург шаарындагы Урал федералдык университети жана Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университети.
Долбоорго катышкан ОшМПУнун окутуучулары Канат Казакбаев, Сезимай Жолболдуева, музыкалык-педагогикалык факультетинин студенттери Салижанова Мээрим, Алтынбек кызы Элиза, Касымова Элнара, Борубаева Нурия, Калилова Элзат, гуманитардык факультетинин студенти Бегнаева Айгерим. Казан Федералдык университетинде, ал эми Кыргыз-Россия факультетинин студенттери Мелис кызы Малика, Сражидин кызы Ракыя, Хамидова Лиралар Урал федералдык университетинде билим алууда.
Маалыматка ылайык, долбоордун катышуучулары үчүн уюштуруу тобу тарабынан максималдуу шарттар түзүлүп, ыңгайлуу жатаканаларга жайгаштырылган. Трансфер жактары каралып, катышуучуларды жатаканадан окуу корпустарына, экскурсияларга заманбап автобустар ташууда. Студенттер үчүн 3 маал тамактануу, кофе-брейктер, тарыхый жана жаңы инновациялык кооз жерлерине баруу үчүн экскурсиялар, маданий иш-чаралар, ар түрдүү оюндар: квест, квиз, интеллектуалдык, спорттук, практикалык сабактар, семинарлар уюштурулган.
Долбоор Россиянын тилдери жана маданияты, моделдөөнүн жаңы технологиялары, виртуалдык жана кеңейтилген реалдуулук, глобалдык дүйнөдөгү эл аралык мамилелер жана Россия, экологиялык дизайн жана тактикалык урбанизм, экологиялык дизайн жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү, келечектин технологиялары, физика жана инженерия, оюндарды долбоорлоо жана илим жана практика деп аталган 10 багыт боюнча жүргүзүлөт.
Аталган иш-чара 2023-жылдын 10-июлунан 23-июлга чейин уланат. Долбоордун негизги максаты чет өлкөлүк студенттерди РФнын учурдагы илимий жана билим берүү күн тартиби менен тааныштыруу, эл аралык студенттик коомчулуктарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
«Жайкы университет» долбоору алгач 2021-жылы Биримдиктин масштабдуу билим берүү долбоору форматында ишке ашырылган. 2022-жылы 9 өлкөдөн 700дөн ашык студент катышкан. Ал эми быйыл 1000 студент катышып жатат.