Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында оорукананын курулушу аягына чыкпай калган корпусунун курулушу жанданды. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган айыл аймактын башчысы Маматысак Жапаров билдирди.
Анын айтымында, оорукана 47 жыл мурун курулган.
«Акыркы жылдары ооруканадагы шарттарды жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатат. Айыл аймактагы Расулбек Батырбеков атындагы бейтапкана 1976-жылы курулуп, колдонууга берилген. Бирок имараттын бир бөлүгүнүн курулушу ошол учурда каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган. Эки кабаттан турган үстү жабык имарат 47 жылдан бери турган. Быйылкы жылы ушул имараттын курулушун аягына чыгаруу үчүн кайрылып, акча каражаты бөлүнүп берилди. Жалпы баасы 33 млн сомдук долбоор даярдалып, анын курулушун ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланып, андан «Эрэдан» жоопкерчилиги чектелген коому 27 млн сомго утуп алып, иш баштады. Курулуш иши аягына чыкса, ал жерге оорукананын хирургия бөлүмү көчүрүлөт», - деди Жапаров.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Эрэдан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Бабакулов Алмазбек Манасбекович. Компания 2019-жылы 7-июнда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: Имараттарды жана турак үйлөрдү куруу.
Үч-Коргон айыл аймагындагы Расулбек Батырбеков атындагы оорукана 55 орунга ылайыкталган. Ооруканада 5 бөлүм бар, алар: хирургия, терепия, балдар бөлүмү, жугуштуу ооруар бөлүмү жана төрөт бөлүмү.