Turmush — Ош технологиялык университетинде абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи туру башталды.
Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.
Абитуриент үйүндө отуруп эле санариптик жол менен www.oshtu.kg порталына кирип, өзүнүн каалаган кесибин тандап, окуу жайга тапшыра алат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :
I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.