Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 01.04.2014 13:12

Ошто окутуучу-кызматкерлер үчүн Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борбору ачылды (фото)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында окутуучу-кызматкерлер үчүн «Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борбору ачылды, деп билдирет окуу жайдын басма сөз кызматы.

Административдик чарба иштери боюнча проректору Алтынбек Зайнидиновдун айтымында, бул борбор эки каанадан туруп, биринде машыгуучу зал болсо, экинчисинде стол тенниси жайгашкан. Борборго бүгүнкү күндө веломашыктыруучу, чуркоочу жол (беговая дорожка), аялдар, эркектер үчүн гантеллдер, пресс-стол, 30 түрдүү көнүгүүлөрдү жасоого ыңгайлашкан универсалдуу машыгуу жайы сыяктуу бир топ спорттук инвентарлар, стол теннистери коюлган жана машыгууну каалаган агай-эжекелер үчүн толук шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, буга кошумча профсоюз комитети тарабынан да кошумча инвентарлар сатылып алынмакчы, ошондой эле аталган борбордо атайын инструктор иш алып барып, ден соолукту чыңдоону каалаган окутуучуларга кеп-кеңештерин берип турмакчы.

jiv

jive1

jive3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×