Turmush — Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтү аталган айыл аймактын өспүрүмдөрүн лагерге эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалым болгондой, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Новопавловка айыл аймагынын калкынын социалдык жактан аялуу катмарынын балдарына жана тоголок жетим балдар Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоо лагери — «Маякка» жөнөтүлдү.
Жалпы 49 бала эс алууга кетишкен.