Turmush — Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери кечээ, 5-июлда башталды.
«ФАПтын имаратына республикалык бюджеттен 5,4 млн сом бөлүндү. Долбоорго ылайык, жаңы ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү мерчемделүүдө», - деди ал.