Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуБаткен району 31.03.2014 17:22

Баткен районунда 2 жаңы ФАП пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 30-март күнү Баткен районунун Дара айыл округуна караштуу Сары-Талаа жана Кайыңды айылдарында жаңы ФАПтардын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага швецариялык Кызыл крест коомунун «Ден-соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттык аракет» долбоорунун жетекчиси Тобиас Шют, КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Динара Алдашова, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейитмурат Калыков, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алишер Сейдакматов, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Сайпидин Төрөев, Баткен облусу боюнча Seico тобунун жетекчиси Улан Темирканов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл тургундары катышты.

Алгач, Сары-Талаа айылындагы ФАПтын ачылыш аземи болуп, аким С.Калыков Кыргызстанда биринчи жолу бардык шарттары бар ФАП Баткенде курулуп жаткандыгын баса белгилеп, долбоордун жетекчиси Тобис Шют мырзага райондун элинин атынан ыраазычылыгын билдирүү менен Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Буга чейин аталган айылдарда ФАП жок болгондуктан, элет калкы 4-5 чакырым аралыкка барып, ден-соолугу начар жарандарга бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген.

Айылдык ден-соолук комитетттери тарабынан жазылган долбоорду швецариялык Кызыл крест коому колдоп, (2 млн 200 миң сомдук) ишке ашырылды.

Ушундай эле ФАП Кайыңды айылында дагы ачылып, айыл тургундарынын ден-соолугунун чың болушуна жана өз учурунда медициналык жардам алууга шарттар түзүлдү.

ФАП1

ФАП

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×