Turmush — Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айыл аймагынын башчысы болуп Бактияр Ургазиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка район акими кол койду.
2021-жылы кызматка келген Жаргылчак айыл аймагынын мурдагы башчысы Асанбаев Алгабас Токторбекович өз каалоосу менен иштен кеткен.
Ургазиев Бактияр Аскарович 1976-жылы 21-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Эмгек жолун Бактияр Ургазиев Ысык-Көл облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгында эмгектенүү менен баштаган. Экология кызматкери болуп бир катар аймактарда үзүрлүү эмгектенип келген. 2019-жылдан ушул мезгилге чейин Саруу айылдык кеңешинин депутаты болгон.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в WhatsApp-канале — подпишись!