Turmush — Билим сапатын баалоо боюнча эл аралык рейтингде Ош технологиялык университети алдыда келе жатат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Эл аралык аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги (НААР) тарабынан өткөрүлгөн «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги-2023» программасынын жыйынтыгы боюнча ОшТУ бакалавр программасында 10 багыт боюнча эл аралык рейтингде 1-орунду жана 4 багыт боюнча 2-орунду багындырды.
1. 1-орун – 610600 Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы;
2. 1-орун – 750500 Курулуш;
3. 1-орун – 670300 Транспорттук процесстеринин технологиясы;
4. 1-орун – Транспорт жана транспорттук-технологиялык;
5. 1-орун – 640200 Электроэнергетика жана электротехника;
6. 1-орун – Энергетика жана электротехника;
7. 1-орун – 710500 Интернет технологиялар жана башкаруу;
8. 1-орун – 710300 Колдонмо информатика;
9. 1-орун – 710100 Информатика жана эсептөө техникасы;
10. 1-орун – Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо;
11. 2 орун – Айыл чарба;
12. 2- орун – Архитектура жана курулуш;
13. 2- орун – Экономика4
14. 2- орун –Экономика жана башкаруу.
2018-жылы Ош технологиялык университети Кыргызстанда биринчи болуп эл аралык институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өткөн.