Turmush — Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган окуучуларга жалпы суммасы 135 миң сом болгон акчалай сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Маматысак Жапаров билдирди.
Анын айтымында, мындай демилге айыл аймакта алгачкы жолу уюштурулуп жатат.
«Үч-Коргон айыл аймагында жалпы 9 мектеп бар. Алардын ичинен 11-классты аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтогон 5 окуучуну тактап, аларга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен белектерди тапшырдык. Мындан ары жаш муундарды шыктандыруу үчүн ушул ыкма менен белектерди тапшырууну колго алабыз», - деди Жапаров.
- 1-орун — бүтүрүүчүгө 100 000 сом, мугалимине 10 000 сом;
- 2-орун —10 000 сом;
- 3-орун — 5 000 сом;
- 4-орун — 5 000 сом;
- 5-орун — 5 000 сом.
Айыл аймактагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан Курманбек Абазбеков эң көп упай — 222 балл топтоду.
Үч-Коргон айыл аймагында 23 миңден ашык калк жашайт.