Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Курманжан датка айылында оңдоп-түзөөдөн кийин таза суу берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Курманжан датка айылында ичүүчү таза суу 1 айдан бери чыкпай жаткан. Себеби суу тартуучу насос бузулуп, иштебей калган.
«Айыл өкмөт башчы Сүйөрбек Исаевдин жеке көзөмөлү менен эски насос алынып, ордуна жаңы насос коюлуп, элге таза суу берилди. Айрым жашоочулар таза сууну максатсыз пайдаланган. Эми айыл эли толугу менен таза суу менен камсыз болот», - деп айтылат маалыматта.
- Акыркы каттоо боюнча, Курманжан датка айылында 1 479 адам жашайт.