Turmush — Талас районунун Арал айылынын 36 жаштагы тургуну Азат Жапаркулов бир нече жылдан бери жыгачтан үй курат. Turmush басылмасынын кабарчысы куруучу менен маектешти.
Азат Жапаркуловдун айтымында, алгач ар кандай жумуштарда иштеп, андан кийин жалаң жыгачтан үй курган усталар менен иштешип баштаган.
«Алардын жанында 2-3 жылдай иштеп, баарын өздөштүрүп алдым. Кийинчерээк атайын тетиктерди, станокторду алып, өз алдымча жасап баштадым. Учурда цехте 8 бала иштейбиз. Мисалы, бир үйдүн буюртмасын алган соң 8-10 күндө бүтүрүп, үйдүн дубалын тургузуп беребиз», - деди ал.
Куруучу ушул эле үй кыш менен тургузулса, эки эсе кымбат болорун белгиледи.
«Бул үйлөрдү фин тибиндеги үйлөр деп коюшат, кышында абдан жылуу болот. Учурда өрткө каршы атайын каражаттар бар, алар менен шыбалат. Дубалы эки жагынан калың топурак шыбак болгондуктан атайын өрттөбөсө эле, электр чыңалуулардан өрт чыкпайт. Анткени топурактан жыгачка өтпөйт. Көпчүлүк учурда эки кабат үй курса, биринчи кабатын кирпич кылып, экинчи кабатына жыгачтан дубал кылдырып жатышат. Бул өтө ыңгайлуу болот экен. Анткени үстүңкү кабаты биринчиден жылуу, анан курганга дагы жеңил болот», - деди ал.
Азат Жапаркулов жубайы экөө 2 уул жана 2 кыздын ата-энеси.
Макаланын уландысын жана куруучунун байланыш номурун алуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в WhatsApp-канале — подпишись!