Turmush — Каракол шаардык мэриясынын демилгеси, шаардык кеңештин колдоосу менен биринчи жолу жети акенин сүрөттөрү тартылып, элге тартууланды. Бул багытта «Жети» деп аталган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы бүгүн, 1-июль күнү Каракол шаарындагы эң алдыңкы мейманканада өттү.
- Жети аке: Садыр аке, Кыдыр аке, Мойт аке, Карга аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Карач аке.
Көргөзмөнүн максаты жалпы коомчулукка, өзгөчө жаш муунга кыргыз улутунун тарыхында маанилүү орду бар жети аке феноменин, анын баалуулугун чагылдыруу жана жаюу, ошондой эле бул феноменди Ысык-Көл облусу менен гана чектебестен, жалпы улут байлыгы катары баалоого үндөө болуп саналат.
Иш-чарга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жети акенин тукумдары менен чакырылган коноктор катышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев: «Кыргызда жети деген сөздүн өзү улук. Көлдөн чыккан жети акенин ар бири жөнүндө повесть, роман, драмалар жана ар бири жөнүндө көркөм тасма тартылуусу менен алардын тарыхтагы орду жана улуулугун билинет. Бүгүн минтип жер соорусу Жети-Өгүздүн таланттарынын арасынын сүрөт дүйнөсүндө өз орду бар Авазбек Апиевдин көркөм философия менен тартылган сүрөттөрү эл эсинде калат», - деди.
Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев тарыхый эмгек келечек муундун ата-бабаларды билип, алардын коомдогу эмгегин баалоого үндөйт. Бул максатта сүрөттөр шаардагы жети акенин ысымын алган мектептерге коюлат.
«Кыргызда жетинин бири кыдыр деп айтылгандай, Ысык-Көлдүн даанышман жети акеси дайыма элди ынтымакка чакырып, акыл-насааты менен эл оозуна алынган. Бүгүн жакшы иш-чара болуп отурат. Кыргызстан боюнча мындай чоң форматта сүрөт тартылган эмес. Жети акенин урпактары жана кыргыз эл үчүн эң жакшы иш-чара десек болот. Сүрөттөрдүн автору мэрияга, шаардык кеңешке сунуш киргизди. Биз колдоо катары каражат бөлүп бердик. Келечек муун жана эл ушул сүрөттөрдөн жакшы тарбия алышына тилектешмин», - дейи мэр.
«Жети» көргөзмөсү Бишкек шаарында Улуттук тарых музейинде улантылат.
Андан соң кайрадан Каракол шаарындагы акелердин ысымы ыйгарылган жети орто мектепке белекке өткөрүлүп берилмекчи.
Ачылуу аземинен кийин акелердин өмүр таржымалы боюнча илимий пресс-конференция өтүп жатат.
Сүрөттүн автор Абазбек Апиев — КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КР Сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси. Ал 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. С.Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. 2009-жылы Орто Азиядагы эң орчундуу көргөзмөлөрдүн катарына кирген жана ислам тарыхында алгачкы жолу Мухаммед пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында чагылдырылган «Ыйык аманаттар» чыгармалар жыйнагын даярдап, бир катар көргөзмөлөрдү уюштурган.