Turmush — Талас шаарынын 33 жаштагы тургуну Тилек Аскаров кулпунай өстүрүү менен алектенип жатат. Багбан менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
Тилек Аскаров 2008-жылы Талас шаарында жайгашкан №5 орто мектепти аяктаган. Андан соң Талас мамлекеттик университетин окуп бүтүргөн.
Анын айтымында, 3 жылдан бери кулпунай өстүрүп келет.
«Алгач өстүрө алабызбы же кандай болот деген ойлор көп болду. Азыркы учурда кулпунай өстүрүүдөн киреше таап жатам. Үй-бүлөм колдоп, жардам берүүдө. Кулпунайды караганга, бакканга, анан дагы аба ырайына жараша түшүм берет. 2021-жылы 300 түп көчөттү 50 сомдон сатып алганбыз. Азыркы замандын талабына жараша өстүргөнгө аракет кылып жатабыз. Тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонобуз. Жылдан жылга жаңы ойлор, жаңы ачылыштар боло берет экен. Европаны көрүп, алар өстүргөн ыкманы колдонсокпу деген ой бар», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...