Turmush — Директорлор кеңешинин чечими менен Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Сүйүнбек Үсөнов дайындалды.
Кечээ, 29-июнь күнү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.
Буга чейин Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеген. Ал эми аталган ишкананын директору Азамат Паизов башка кызматка которулду.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасында жлапы 1885 кызматкер эмгектенет. Облус боюнча 253 073 абонент бар.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Threads — подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.