Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 31.03.2014 13:15

Оштогу А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо эл аралык футболдук таймашка карата тазалоо иштери жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Эртең, 1-апрель күнү Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын «Алай» футбол клубу менен Иорданиянын «Шабаб-Аль-Ордон» командасы беттешет.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, стадиондо бүгүн, эртенки күнгө карата кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Стадиондун директору Нурдин Сматовдун айтымында, 100% тазалык иштерин бүтүп калды. «Оюндун болушун гана күтүп жатабыз. Биз жеңебиз, жеңишибиз керек. Кызматкерлер азыркы убакта тазалоо иштерин жүргүзүп жатат», - дейт ал.

Эскерте кетсек, беттеш 1-апрель күнү саат 16:00дө башталат. Бул оюн Сүйүнбаев атындагы стадиондо 2-жолу өтүп жатат.

IMG_20140331_121824

IMG_20140331_121838

IMG_20140331_122018

IMG_20140331_121804  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×