Turmush — Ош технологиялык университетине Түштүк Корея мамлекетинин Суңшил университетинен 23 адамдан турган делегация лагерге келди.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, университеттеги Сежон Хагдан корей тили борборунун уюштуруусу менен жыл сайын салтка айланган иш-чара быйыл дагы өткөрүлүп, келген делегация 8-июлга чейин окуу жайда болушмакчы.
Мында биринчи кезекте корей борборунан тил үйрөнүп жаткан студенттерге жана окуучуларга корей тилинде сабак өтүшөт. Эки элдин маданиятын даңазалоо жана эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында ар кандай оюн-зоок программалары уюштурулмакчы.
Ош технологиялык университети бир нече жылдан бери Түштүк Корея мамлекети менен тыгыз байланышта иш алып барат. Эки тараптуу түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча ОшТУнун бир нече студенти Кореянын жогорку окуу жайларынан билим алып келишти. Ошондой эле, учурда дагы студенттер ал жактан билимин улантып жатышат.