Turmush — Өлкөнүн аймактарында сүттүн баасы башкы темага айланды. Фермерлер сүттүн баасы арзан болуп жатканына нааразы.
2023-жылдын 13-апрелинде Талас шаарында ондогон адамдар президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында чогулушкан. Алардын көбү аял кишилер болгон.
Топтолгондор сүт маселеси менен өлкө жетекчилигине кайрылышкан.
«Мал баккан деле оңой иш эмес, ден соолукту алат. Мамлекеттен 1 сом албай, «уюң бар» деп жөлөк пулга дагы илинбей жашап келебиз. Биз сүттүн 1 литри 3 сом болгон учурда дагы унчукпай төгүп, ошол акчага жашап келгенбиз. 5 сом болгондо дагы жашоо жакшы болчу. Эми минтип 2 жылдан бери кыйналып жатабыз. Дүкөндө эртең менен бир баа, түштөн кийин бир баа болот. Бардыгы күндөн-күнгө кымбат.
Учурда 1 литр сүттүн баасы 25 сом. Ал эми 1 литр суунун баасы 30 сом. Биз ушунча ыйлай турган абалда турабыз. Бул жакта акимге кайрылсаң, «губернаторго бар» дейт. Ага барсаң «сүт заводу» дейт. Алар болсо керсейип, элдин үстүнөн акча тапкандан башка иши деле жок. Өзүбүз сүт өткөрүп, кайра дүкөндөн сүт азыктары кымбат болгонунан сатып жей албайбыз», - деген алар.
Андан кийин Ысык-Көлдө сүт өндүрүүчүлөр баанын туруктуу болбой жаткандыгына нааразы болушкан. Сүткө болгон баанын түшүшүнө эл менен сүт заводунун ортосундагы сүт алуучуларды күнөөлөшкөн. Нааразычылыктардан кийин сүт өндүрүүчүлөр жана сүт заводдун ортосунда иш алып баргандар менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Данияр Арпачиев жолуккан.
Бул жаатта Turmush басылмасынын кабарчысы Ош облусундагы жагдайды жеринен билип келген. Толук бул шилтемеден окуй аласыз.
Ал эми Талас облусунда нааразычылык акциясынан кийин президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов комиссия түзүп, ар бир айылда сүт өткөрүүчү пункттарды уюштуруу, сүттүн литрин 35 сомдон алуу тапшырмасын берген. Бирок, фермерлер бул иш-аракеттер бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыксыз болуп жатканын айтышты.
Кадамжай районундагы тургундар сүттүн өзүн арзан баада сатканга караганда, сүттү сүзмөгө, андан ары курутка айландырып саткан кирешелүү болуп жатканын айтышкан. Себеби, куруттун 1 килограммы 350 сомго чейин сатылып жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы сүт бизнесиндеги айрым жагдайларды билип келишкен.
Ат-Башы районундагы ортомчулар сүттү жергиликтүү тургундардан 25 сомдон сатып алып, сүт заводго 28-30 сомго чейин өткөрүп жатышат. Аймактык кабарчы уй саагандар менен жолукту.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...