Turmush — Тейлөө сапаты жана абоненттер үчүн ыңгайлуу шарттар — «Beeline Кыргызстан» компаниясынын башкы приоритеттери. Ошондуктан, уюлдук оператор сатуу жана тейлөө кеңселеринин географиясын кеңейтүүнү улантууда. Жакында Beeline расмий түрдө Бишкекте бир эле учурда үч жаңы пунктту ишке киргизди.
Кеңселердин бири шаардын түштүк тарабындагы «Асанбай» базарынын аймагында пайда болгон (дареги: Асанбай кичи району, 52В, «Асанбай» соода комплекси). Иштөө графиги: 11:00дөн 21:00гө чейин, дүйшөмбүдөн ишембиге чейин. Жекшемби – дем алыш күнү.
Башка кеңсе «Азия Молл» соода борборунда өз эшигин ачты (дареги: Ч. Айтматов пр., 3, -1-кабат). Иштөө графиги: саат 10:00дөн 22:00гө чейин, дем алышсыз.
Үчүнчү кеңсе келүүчүлөрдү «Beta Stores-1» соода борборунда кабыл алат (дареги: Чүй пр., 150а, 2-кабат).
Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерин карап чыгууга 3 себеп:
- Пайдалуу тарифтик план менен SIM-картаны сатып алыңыз. Мисалы, «Супер чексиздик» фантастикалык мүмкүнчүлүктөрү менен, анын ичинде чексиз жогорку ылдамдыктагы интернет жана «Яндекс Плюс» кызматтарына акысыз жазылуу. Акция жай бою иштейт: тариф боюнча алгачкы үч абоненттик төлөм болгону 4 жумага 850 сомдун ордуна 550 сомду түзөт.
- Номерди өзүнүзгө кайра каттоо. Эгер сиз номерди өз атыңызга каттай элек болсоңуз, анда жеке маалыматыңызды коргоого убакыт келди. Өздүгүн тастыктаган документ менен Beeline-дын эң жакын офисине кайрылыңыз, жөнөкөй каттоо процедурасынан өтүңүз жана 5 Гб интернет белекке алыңыз.
- Жаңы аксессуарларды жана түзмөктөрдү сатып алыңыз. Сиз жаңы смартфонду кыялданып жатасызбы, бирок керектүү сумма жыйнала элекпи? Кыялды кийинкиге калтырып, акча үнөмдөөнүн кереги жок – Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде смартфонду бөлүп-бөлүп сатып алсаңыз болот.
Мындан тышкары, Beeline кызматкерлери абоненттерге номерин калыбына келтирүүгө же өзгөртүүгө, ылайыктуу тарифти тандоого жана башка көптөгөн маселелерди чечүүгө кубанычта болушат.
«Сатуу жана тейлөө кеңселери компания менен кардарлардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алдыңкы сабында, — дейт «Beeline Кыргызстандын» башкы директору Андрей Пятахин. — Бул жерде сиз жооп, кеңеш жана жардам ала аласыз. Мындай колдоо абоненттерге мүмкүн болушунча жакын болушу үчүн биз жаңы сатуу жана тейлөө пункттарын ачып жатабыз. Биз сизди Beeline кеңселеринде көргөнүбүзгө кубанычтабыз!»
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө 25 жыл!