Turmush — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын башчысы — 49 жаштагы Зайырбек Арстанбеков жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты Turmush басылмасына район акими Таалайбек Ишенбеков тастыктады.
Анын айтымында, маркум кечээ, 25-июнда акыркы сапарга узатылды. Жол-транспорт кырсыгы Ош—Бишкек унаа жолунун Момбеков айыл аймагындагы тилкесинде болгон.
«24-июнь күнү кечинде ал бара жаткан унаа Ош—Бишкек жолунун Момбеков айыл аймагындагы тилкесинде кырсыкка кабылып, эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калып, окуя болгон жерде мүрт кетиптир. Анын артында 2 уулу, 3 кызы калды», - деди Ишенбеков.
Зайырбек Арстанбеков Советбекович 2021-жылдан тарта Бүргөндү айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келе жаткан. Айыл өкмөт башчы болуп дайындалганга чейин айылдык кеңештин депутаты, кийинчерээк айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген.