Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары Европада билимин тереңдетип жатат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация «Эразмус+» долбоорунун алкагында жогорку билим берүүдө геомаалымат технологиясындагы инновация жана ишкердик боюнча Швециянын Стокгольм шаарындагы Королдук технологиялык институтунда билимдерин жогорулатууда. Бул Королдук технологиялык институту дүйнө жүзүндөгү эң ири жана алдыңкы илимий-изилдөө институту болуп саналат.
Бул эл аралык семинарда дүйнөгө белгилүү окумуштуулар инновация жана ишкердик, жаңы бизнес ишканаларды ачуу, каржылык стратегиялар, геомаалымат технологиядагы инновация, атаандаштык жана инновация, инновацияга багытталган жогорку билим, борбордук эко системаларды куруу жана башка темаларда лекцияларды окуп жатат.
ОшТУ бул долбоорду И.Раззаков атынындагы КМТУ жана Испания, Швеция, Белгия, Словения, Армениядагы өнөктөш жогорку окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырып жатат.