Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары «КМШнын мыкты педагогу-2023» сыйлыгына ээ болушту. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев М.Ж. жана экономика жана финансы кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун 1-курсунун аспиранты Кудайбердиева А.С. билим берүү жана илимдин өнүгүсүүнө кошкон салымы үчүн «КМШнын мыкты педагогу 2023» сыйлыгын алды. Алар Казакстандагы «Бобек» жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын 1-2-даражадагы дипломдору, «Мыкты педагог-2023» медалы жана «КМШнын мыкты педагогу» күбөлүктөрү менен сыйланышты.
Бул сыйлыктар аталган ассоциациясынын КМШ өлкөлөрүнүн илимий-педагогикалык кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн эл аралык сынактын жыйынтыгы боюнча ыйгарылды.
Абдиев М.Ж. «Евразия экономикалык биримдигинин шартында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүн чечүү жолдору» жана Кудайбердиева А.С. «Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасын санариптештирүү: экономикадагы орду жана келечеги» аттуу илимий макалалары менен катышышып, РИНЦ платформасындагы илимий журналда жарык көрдү.
Ийгиликке жеткен окутуучуларды ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетишкендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, иштерине ийгилик каалады.