Turmush — Ош технологиялык университети Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар менен кызматташат.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев Өзбекстандагы Мукуми атындагы Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы, филология илимдеринин доктору Ахмаджон Аликуловду жана Өзбек мамлекеттик дене тарбиялык билим берүү жана спорт университетинин Фергана шаарындагы филиалынын эл аралык бөлүмүнүн башчысы, докторант Дилдора Камбарованы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУ менен аталган окуу жайлардын ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу, эл аралык долбоорлорду бирге ишке ашыруу, эл аралык деңгээлде спорттук достук турнирлерин өткөрүү боюнча макулдашуулар болду.
Жыйынтыгында Өзбек мамлекеттик дене тарбиялык билим берүү жана спорт университетинин Фергана шаарындагы филиалы менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.