Turmush — Чүйдөгү Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында Победа проспектисинин Калинин жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкесинде жол чыракты реконструкциялоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган айыл аймактан билдиришти.
Маалыматка караганда, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак орнотулуп, атайын чубалгы (АКВВГ кабели) тартылды.
«Жол чырактын тирөөчтөрүнө жарык берүүчү диоддун (диод — бир тарапка гана ток өткөрүүчү эки электроддуу прибор) асма түрөөчтөрү орнотулду. Жол белгилеринин жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн белгилери коюлуп, жаңыртылды. Ошондой эле жол чырактын стеллаждарын тосуу иштери аяктады.
Жол кыймылын уюштуруунун негизги каражаттары болуп жол белгилери, жол чийимдери жана жол чырак саналат. Бул каражаттар биргелешип, жол кыймылын уюштурууну жана көзөмөлдөөнү камсыздайт. Негизгиси жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугуна жана жолдордо кыймылдын натыйжалуулугуна өбөлгө түзөт», - деп айтылат маалыматта.