Turmush — Түркия мамлекетинин Эгей университетинин профессору Ялчын Алвер Ош технологиялык университетине атайын иш сапар менен келди.
Ялчын Алвер мырзаны ректор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, келечекте биргелешип ишке ашырчу долбоорлор туурасында талкуулашты. Мында акыркы убактардагы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жүз берип жаткан, анын ичинде Кыргызстандагы, Ош шаарындагы жол тыгындарын азайтуу боюнча долбоордун илимий жактан тастыкталып, коомдо ишке киргизилишине аракет кылуу жөнүндө сүйлөшүлдү.
Мындан сырткары эки мамлекеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү боюнча дагы макулдашылды.
Профессор Ялчын Алвер бул багытта өзүнүн илимий баяндамасын жасап, автоунаа багытындагы бир топ долбоорлору менен тааныштырды. Ошондой эле автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан иштелип чыккан долбоорлор дагы сунушталды.