Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 27.03.2014 10:51

Жалал-Абад облусунда кургак учук менен ооругандар үчүн каражат көбөйдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда кургак учук оорусу менен ооругандар үчүн каражат көбөйдү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук кургак учук оорусуна каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Исмамат Арзиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан оорулуулар үчүн тамак-ашка жана дары-дармекке каражат бөлүнүүдө.

«2013-жылы мамлекет тарабынан бир оорулуунун тамак-ашына 91 сом бөлүнгөн. Мындай каражаттын бөлүнүшү азыркыга чейин улантылуууда. Дары-дармекке бир оорулуу үчүн 54 сом, ал эми 2012-жылы бир оорулууга тамак-ашына 56 сом, ал эми дары-дармекке 45 сом бөлүнчү», - дейт И.Арзиев.

Ошондой эле И.Арзиевдин берген маалыматы боюнча, Жалал-Абад облустук кургак учук ооруканасында 415 орундук бар, Базар-Коргон районунда кургак учук диспансеринде 65 орун, Токтогул районунда 40 орундук жана Ала-Бука районунун Шакафтар айылында 4 орун бар. Оорулуулар үчүн орундуктар жетиштүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×