Turmush — Өзгөн районунун Чымбай айылынын тургуну Минаим Маматжанова сумкаларды токуп, кичи бизнес түптөдү. Ал хоббиси, өзгөчө ысымы жана жашоосу тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Өзүнүн айтымында, комуз, пианино жана аккордеон чертүүнү да өздөштүргөн. Ошондой эле инкубатордо жөжө чыгарып, бөдөнөнүн жумурткаларын сатат. Учурда жолдошу экөө эки уулду тарбиялап жатат.
«1991-жылы Өзгөн районунун Чымбай айылында туулгам. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, 2 кыз жана бир уул. №54 Турдумамат Сарыков атындагы мектепте окудум. Ал арада Өзгөн шаарындагы музыкалык окуу жайда сабактан сырткаркы убакта билим алдым. Ал жактан комуз, пианино жана аккордеон чертүүнү үйрөндүм. Негизи ал окуу жайда 5 жыл окуйт эле. Мен ал жакта аягына чейин окуй алган жокмун. Мектепте кандай сынак болбосун комузда кол ойнотуп, ырдачумун. Мектепте жакшы окуп, үлгүлүү жүрүш-турушка ээ болгон окуучулардын бири элем. Кийин мектепти аяктап, шартка байланыштуу 2009-жылы Москвага кетип калдым. Москвада эл катары жумушка кирип, иштеп баштадым. Андан кийин жолдошум менен таанышып калдым. Ошентип Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылына келин болдум», - деди ал.
Ал аты тууралуу буларга токтолду.
«Тай энемдин ата журтунан Алимбү деген чоң апабыз болгон экен. Ошол чоң апам атымды Минаим деп коюптур. Бул аттын мааниси мүнөзү жумшак, назик, аялдык сапатка ээ болгон боорукер адам дегенди түшүндүрөт экен. Бул аттын маанисин көбүнчө улуу курактагы чоң энелер жакшы түшүнөт. Менин атым казак элинде да коюлуп жүрөт экен. Кыргызстандан Минаим деген атты көп укпайм. Эл аз койгон өзгөчө ысым. Анан мени менен таанышкан, сүйлөшкөн адамдар "атың ким?" деп сураганда Минаим десем, "атыңа затың жарашкан, жумшак сүйлөгөн, боорукер келин экенсиң», - деп калышат деди.
Минаим Маматжанова Москва шаарында иштеп жүргөндө метродогу жүргүнчүнүн сумкасын көрүп, кызыгып калганын айтат.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...