Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери «КМШнын мыкты студенти-2023» сыйлыгына ээ болушту.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенттери Биймамат уулу Шахназар, Азаматов Арген жана Адилбек уулу Эрбол билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн «Бобек» жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын диплому, «Мыкты студент-2023» медалы жана «КМШнын мыкты студенти» күбөлүгү менен сыйланышты.
Буга чейин мындай сыйлыкка ОшТУнун башка студенттери да ээ болушкан.
Ийгиликке жеткен студенттерди ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетишкендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.