Turmush — Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагына караштуу ГЭС-5 жолунун жана Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун келишинде жайгашкан айланма тилкени жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө 1 млн 811 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Лебединовка айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун талабы жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин тапшырмасынын негизинде жол белгилери сырдалып, тосмолор жаңыртылып, жашылдандыруу иштери жүргөн.
Бул иштерге «Бишкек жашылдандыруу» ишканасы, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги колдоо көрсөткөн.
Ал эми айыл аталган акча каражат өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн.