Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Акан Иманов быйыл Нурманбет айыл аймагында 4,5 гектар жерге кант кызылчасын айдаган. Ал кант кызылчасынын күңгөйү менен тескейин айтып берди.
Нурманбет айылы кызылчаны район боюнча көп айдады
Ысык-Ата району боюнча жалпы 3,5 миӊ гектар жерге кант кызылчасы эгилген болсо, анын ичинен 1200 гектары ушул Нурманбет айылында жайгашкан. Бул район боюнча рекорддук көрсөткүч.
Мен 2017-жылдан баштап кант кызылчасын айдай баштадым. Ал ортодо 2020-2021-жылдары жерди эс алдырып, айдаган жокмун. Бирок, беде, жүгөрү айдаганбыз. Быйыл 4,5 гектарга кант кызылчасын айдадым. Өзүӊөр билгендей, быйылкы кыштын суугу кеч чыкты. Ошол себептен кант кызылчаны кеч айдадык. Суукта жакшы өсө албайт экен. Эми күн жылып, өсүп, көзгө көрүнүп калды.
Өзүм Бишкек шаарында иштеп, жашаганым менен айылга келип, дыйканчылык кылып турам. Балдарымды дагы дыйканчылык менен тааныштырып, бала кезинен эмгекчил болууга үндөп жатам.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...