Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистратура бөлүмүн быйыл 125 магистр аяктады.
Кечээ, 8-июнь күнү магистрлердин бүтүрүү кечеси уюштурулуп, ал окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана магистрлеринин катышуусунда болуп өттү. Иш-чараны ректор Бекмурза Зулуев ачып, ал магистрдик даражага ээ болуп турган жалпы магистрлерди куттуктап, бул даражаны чоң жоопкерчилик менен кабылдап, илимий потенциалын өнүктүрөт деген чоң ишеним артты.
Аны улай бүтүрүүчү тайпалардын мыктыларына дипломдор тапшырылып, концерттик программа менен коштолду.
2022-2023-окуу жылында университеттин магистратура бөлүмүндө 400гө жакын магистр билим алып, алардын 125и быйыл бүтүрүүдө. Ал эми 200гө жакын магистр 1-курсту аякташты.
Педагогика, физика-математикалык билим берүү, социалдык-экономикалык билим берүү, табигый илимий билим берүү жана филологиялык билим берүү багыттары боюнча магистрлер даярдалат.