Turmush — Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин бакалавр багытынын бүтүрүүчүлөрүнө «Ак жол сага бүтүрүүчү!» аталышындагы салтанат уюштурулду.
Аземге окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, студенттер жана ата-энелер катышты. Салтанаттуу жыйынды университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов ачып, бүтүрүүчүлөрдүн келечек жолуна байсалдуу сапар каалап, мыкты кадр катары өз билимдерин турмушта колдонуп жүрүшүнө тилектештигин билдирди. Ошондой эле студенттердин атынан да өкүлдөр өз ойлорун айтышып, окуу жайга, эмгек жамаатка өз ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.
Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн урматына концерттик программалар тартууланып, шаңдуу ырлар жаңырып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чаранын соңунда факультеттин алдыңкы студенттери ОшТУнун ардак грамотасы менен сыйланышты.