Turmush — Бүгүн, 5-июнда Ош технологиялык университетинде «Тоо экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук» аталышындагы жыйын өттү.
Жыйынга аталган университеттин мугалимдери, Ош токой чарбасынын кызматкерлери, экология багытында иш алып барган адистер катышты.
Адистер Кыргызстанда эле эмес, өлкөдө глобалдуу климат маселеси көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын, окумуштуулар абанын температурасынын нормасы 1 градуска жогорулаганын, бул өз учурунда кылымдар бою тоңуп турган көп жылдык муздардын ээрип кетишине себеп болуп жатканын белгилешти. Ошондой эле жакынкы келечекте күйүүчү-майлоочу майлардан баш тартылып, автоунааларга керектелүүчү майга альтернативдүү жол катары ток менен жүрүүчү унаалар чыга баштаганын айтышты.
Мындан сырткары адистер учурда дүйнөдө жапайы табияттын генофондун сактоо боюнча ар кандай чаралар каралып жатканын, ошол эле кезде көп токойлордо өрт чыгып, жок болуп жатканын билдиришти.
Быйыл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн Колумбия өлкөсү өткөрөт.
«Эмне үчүн биологиялык ар түрдүүлүк маанилүү? Адамдар жапайы табиятты бузуу менен жер кыртышын бузуп жатышат. Муну менен экологиялык маселелер ондогон жылдар бою жаралып келди. Климаттын өзгөрүшүнө узак убакыттар аралыгында орточо режимдин акырындык менен өзгөрүшү, аба ырайынын эң катаал өзгөрүшү, экстремалдык окуялардын учурларынын өзгөрүшү кирет.
Президент «Тоолордун экосистемасын сактоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо жылы» деген жарлыкка кол койду. Бул да болсо табигый экосистеманы коргоого болгон алгачкы кадам деп билебиз», -деди эколог адис Шекеркан Жапарова.