Turmush — Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаевге Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин «Мээримдүүлүк» төш белгиси тапшырылды.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, төш белгини Жогорку Кеңештин V-VI чакырылышынын депутаты, саясий жана коомдук ишмер, КРнын аялдар кеңешинин республикалык бирикмесинин төрайымы Айнуру Алтыбаева 3-май — Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада тапшырды. Ал жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгекти талап кылган жогорку окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, долбоорду бирге ишке ашырууга чакырды.
Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин бирикмеси, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Ош технологиялык университетинин аялдар кеңешинин уюштуруусу менен окуу жайда Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү.
«Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бүгүнкү күндөгү дени сак улутту тарбиялоо, азыркы муундун келечекке карай татыктуу тарбиялоо, тамак-аш азыктары жана экологиялык маселелердин алдын-алып, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу маалыматтар айтылды», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.