Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусу 25.03.2014 16:25

Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшү борборуна өткөн жылы 162 оорулуу кайрылып, дарыланып чыккан

Turmush -  Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшү борборуна өткөн жылы область боюнча 162 оорулуу кайрылып, дарыланып чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директорунун оорун басары Нуржамал Маамытованын статистикалык маалыматына таянсак, область боюнча 244 оорулуу катталып, алардын алдынкылары Нарын жана Кочкор райондору турат.

Анын айтуусунда, КР өкмөтүнүн 2001-жылдагы №53 токтомуна ылайык, кургак учук менен ооруган бир бейтаптын бир күндүк тамактануусуна 56 сом, дары-дармегине 45 сом жумшалышы керек.

«Азыр борбор боюнча ар бир оорулуунун бир күндүк тамактануусуна 121 сом 45 тыйын, дарылануусуна 73 сом туура келет. «Демек, дарылануусуна караганда, тамактануусуна көбүрөөк берилген, себеби азыркы учурдагы тамак-ашка болгон баанын өсүшүнө байланыштуу», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×