Turmush — leasing.express компаниясынын коммерциялык директору Максим Михайлович, компаниянын потенциалдуу кардарлары тарабынан эң көп берилүүчү суроолорго жооп берди.
Максим, алгач негизги суроодон баштасак. Сиздин компанияңыздын ишмерддүүлүгү кандай мыйзамдар менен жөнгө салынат? Анын укуктук негизи кандай?
Лизингдик компаниялардын иши Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынат. Бул ченемдик укуктук актынын максаты финансылык ижарага — лизингге негизделген инвестициянын формаларын өнүктүрүү болуп саналат. Документ ишмердиктин бул түрүнүн бардык аспектилерин жөнгө салат. Анын ичинде менчик укукту, инвестициялык процесстин катышуучусунун укуктарын коргойт жана инвестициялоонун натыйжалуулугун камсыз кылат.
Жалпы көз караш менен алганда, инвестициялоо коопсузбу?
Коопсуздук деген эмне? Бул эртең сиздин инвестицияларыңыз сакталып гана тимболбостон, көбөйөт деген ишеним. Буга тобокелчиликке барбай жана кол менен тийүүгө мүмкүн болбогон материалдык эмес нерселерге — мисалы, микрокредиттерге, акцияларга, криптовалюталарга инвестиция кылбастан жетишүүгө болот. Бул жагынан алганда, сиздердин инвестициялар мүмкүн болушунча корголушу үчүн биз бардыгын жасап жатабыз. Сиз жогорку ликвиддүү мүлкү бар реалдуу бизнеске гана инвестициялайсыз. Кардарларыбыз үчүн биз унааларды күрөөгө коюу түрүндө кепилдиктерди беребиз.
Сиздин компаниянын башкаруу курамы Россия Федерациясынын жарандары. Көптөгөн потенциалдуу инвесторлор компания жабылып, анын жетекчилиги кетип калат деп коркушат. Сиздердин кардарларыңызда кандай кепилдиктер бар?
«Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсы инвесторлордун алдында бардык мүлкү менен жооп берет. Учурда компаниянын активдери 400 миллион сомдон ашык каражатты түзөт.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары менен жалпы негизде жоопкерчиликке тартылышат. Ошондой жол менен, биздин компаниянын жетекчилиги өлкөнүн жарандыгынын жоктугуна карабастан, инвесторлордун алдында толук жоопкерчилик тартат.
leasing.express компаниясынын негизги максаты — Кыргыз Республикасында ийгиликтүү бизнес жүргүзүү жана кардарлар жана өнөктөштөр менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди сактоо.
Эмне үчүн сиздин компания банктарга караганда ыңгайлуу шарттарда каражаттарды инвестициялоону сунуштайт?
Алгач, биз классикалык депозитти сунуштабаганыбызды түшүнүү керек. Ошол себептен биздин шарттар да алда канча жагымдуу. Банктардын, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан көп ички чыгымдары бар. Ошол себептен чендери да төмөнүрөөк. Мындан тышкары, салымды камсыздандыруу үчүн алар ар бир депозиттен Улуттук банкка пайыздарды төлөөгө милдеттүү. Бул дагы болсо алар сунуш кыла ала турган ченге таасирин тийгизет. Биздин бизнес түп-тамырынан башка принциптерге негизделгендиктен, ага байланыштуу чыгымдар (мисалы, персоналга, орун жайды ижарага алууга жана керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн) бир топ төмөн. Биздин бизнес-моделибиз алда канча натыйжалуу болгондуктан, бизде компаниябыздын инвесторлоруна бир топ жогору пайызды төлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Сиздин компания жылдык 24 пайызга чейинки пайыздык ченди сунуштайт. Бирок инвестор ага дагы салык төлөшү керек, ошондо компания инвестордон киреше салыгын эмненин негизинде кармап калат?
Бул Кыргыз Республикасынын мыйзамында талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 53, 184 жана 197-беренелерине ылайык, «Лизинг Экспресс Финанс» ЖЧКсы инвестордун салык агенти болуп, салык төлөөчү болуп саналган инвестордон киреше салыгын өз алдынча эсептейт жана кармайт жана бул сумманы Кыргыз Республикасынын тиешелүү бюджетине которот. Республика.
Көпчүлүк унааны лизингге алуу кымбат деп эсептешет. Бул учурда реалдуу пайыздык чен кандай?
Эмнеге салыштырмалуу кымбат? Насыя менен салыштырганда, айырма өзгөчө байкалбайт. Ал эми документтерди тариздөө жаатында, лизингге унаа алуу бир топ жеңил. Бул үчүн киреше тууралуу маалымкат да, кепил да талап кылынбайт. Болгону жашаган жеринен маалымкат, паспорт жана айдоочулук күбөлүк гана керек. Пайыздык чендер боюнча айтсам, лизингде андай түшүнүк жок деп дароо айта алам. Бул кредит эмес. Бизде унаалардын кымбаттоо чени бар, бирок бул кредиттин ченинен такыр башка нерсе. Чен белгиленген эмес, ал баштапкы төлөмгө жана лизинг келишими түзүлгөн мөөнөткө жараша болот.
Кыргызстанда leasing.express компаниясы кандай максаттарды көздөйт?
Биздин негизги глобалдык максатыбыз — Кыргызстандын рыногуна азыр Россияда жана дүйнөдө жеткиликтүү болгон эң алдыңкы кызматтарды алып келүү. Биздин командабыздын Россия Федерациясынын эң ири алдыңкы компанияларында иштөө тажрыйбасы бар. Биз бул жерде инфраструктураны кантип курууну, жергиликтүү адистерди дүйнөлүк стандартка ылайык, кантип даярдоону жана элге, аларды канааттандырбаган кызматтардын ордуна жаңы альтернативаларды кантип сунуш кылууну билебиз.
Банк сизге насыя бербей койдубу? Мына сизге альтернатива — бизде 98 пайыз жактыруу.Кичи автобуста жүргөндө демиңиз кысылып, таксиге акчаны аяп жатасызбы? Биз силерге альтернатива алып келдик — электросамокаттар.
Салымдар боюнча пайыздык чендер канааттандырбай жатабы? Бул сизге дагы бир альтернатива — биздин жогорку кирешелүү бизнес-долбоорлорубузга инвестициялар.
Тез арада телефонуңузду кубатташыңыз керек, бирок пауэрбанкты албай калыптырсызбы? Биз Бишкек шаарында 300дөн ашык станцияларды орноттук. Ал жерлерде эки үч баскычты басып пауэрбанкты ижарага алсаңыз болот. Пландарыбызда дагы көптөгөн Кыргыз Республикасынын тургундары үчүн пайдалуу боло турган, кызыктуу долбоорлор бар, андыктан биздин социалдык тармактарга жазылыңыз жана биз менен бирге өнүгүп-өсүңүз.