Turmush — Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыковичке «Ош технологиялык университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Акымбек Абдыкалыков — Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын ректорлор кеңешинин төрагасы, техника илимдеринин доктору, профессор.
Эки окуу жайдын ортосундагы байланышты чыңдоо максатында буга чейин эки тараптуу иш-чаралар өткөрүлүп, илимий жана билим берүү багытында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып келген. Азыркы заманбап билим берүүнү мындан ары дагы өнүктүрүү максатында эки тараптуу кызматташтык мындан ары да улана бермекчи.