Turmush — Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын окутуучулары менен студенттери айыл чарба багытындагы долбоорго катышты.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, Араван районундагы Бостон айылында «Араван районундагы дыйкандардын эрте бышчу жашылчаларды өндүрүүдөгү ресурс үнөмдөөчү технологияларды көрсөтүү» иш-чарасы өттү. Иш чаранын максаты долбоорго катышкан фермерлерге жана башка кызыккан тараптарга ресурс үнөмдөөчү технологияларды жана эрте бышчу жашылчалардын агротехнологиясын көрсөтүү болуп эсептелет.
Студенттер бул иш-чарадан айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүгө байланышкан кеңири маалыматтарга ээ болушту жана бул багытта өндүрүштө иштеп жаткан жаңы заманбап технологиялар менен таанышып чыгышты.