Turmush — Бүгүн, 25-май күнү Ысык-Көл районундагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо аземи болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Калыбек Жумадылов Бостери айылынын А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын акыркы коңгуроо салтанаттына катышты. Ал район боюнча жалгыз «Алтын тамга» артыкчылык атестатына болгон 11-классынын окуучусу Аделина Акылбекованы куттуктап, 30 миң сомдук сертификат тапшырды.
Мындан сырткары, окууну ийгиликтүү аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, Аделинанын артыкчылык атестатка даярдаган мугалимдерге администрация башчысы-аким тарабынан ардак грамота, ыраазычылык катын тапшырылды .
Ал эми Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейиндеги салтанатка катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Ысык-Көл районунун аймагындагы 30 мектептен 11-классты 945 окуучу, 9- классты 1444 окуучу аяктап жатат.