Turmush — Ден соолукка кам көрүү үчүн жарандар дарыгерлерге барышат. Анда дарыгерлер жазып берген дарылардын рецебинин негизинде дарыканалардан түрдүү дарыларды сатып алышат. Же болбосо кээ бир учурда жарандар дарыгердин кеңеши, рецеби жок эле өз алдынча дарыларды сатып ала беришет. Көп учурларда дарыгердин рецеби жок алган дарылар ден соолукка зыян алып келет.
«Эмне үчүн жана эмне максатта дарыларды ичебиз?», «Же болбосо, кандай курамдагы дарыларды ичиш керек?» деген суроолорго өз алдынча жооп табуу кыйынга турат. Ошол эле учурда айрым адамдар дарыканалардан фармацевттер сунуштаган эле дарыларды сатып алышат.
Азыркы кезде интернет аркылуу жана калк көп барган базарлардан да дарыларды табууга болот. Бирок анын курамы, өлчөмү кандай? Ал ден соолукка оң таасирин береби? Ал дарылар менен бейтап айыгабы? Дарылардын чаржайыт сатылганын кантип көзөмөлдөсө болот?
Албетте, мунун жолу бар. Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 9-февралындагы №53 токтому менен Саламаттыкты сактоо министрлиги март айында медициналык буюмдарды жана дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөгөн системаны ишке киргизди. Бул системанын уникалдуулугу дары-дармектер өндүрүлгөндөн баштап бейтаптын колуна тийгенге чейинки процессти көзөмөлдөйт.
Бул системанын толук ишке кириши менен дарыгердин рецеби жок дарылар кабыл алынбайт. Андыктан, бүгүнкү күндө өспүрүмдөр арасында колдонулуп жаткан психотроптук дары-дармектерди да көзөмөлдөөгө болот. Система психотроптук дары-дармектерди дарыгердин рецеби жок кабыл албайт жана ал дарылар сатылбай калат.
Бүгүнкү күндө бул система кандай шартта, кантип иштеп жатат? Ооруканада, дарыканаларда кандай таризде иштейт? Ооруканалардын кампасына түшкөн дары каражаттарды бейтапка берүү үчүн же операцияга керектелүүчү дары-дармектерди алгач системага киргизип, анан колдонсо болот.
Ал эми азыркы кезде Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык дарыканалар бул системага кошулган. Дары-дармектерди сатып алууга келген жаран дарыгердин рецебин көрсөтүп, андан соң дарыларды сатып алса болот.
Аталган система 2025-жылдын аягында Кыргызстандын бардык аймактарында толук түрдө жеткиликтүү болот. Биринчи этап менен системага саламаттыкты сактоо мекемелерин, менчик медициналык борборлорду, дарыканаларды киргизип, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилип берилген ондогон дарыларды киргизүү каралган.
Буга чейин айрым топтогу бейтаптарга акысыз берилүүчү дарылар боюнча маалымат жарандарга жеткиликсиз болгон. Бул система иштеп баштагандан бери жарандар кайсы дарылар акысыз берилерин жана кайсы дарыканаларда бар экенин биле алышат. Ошондой эле фармацевттер бейтап алып келген рецептин негизинде Дары каражаттары департаментинин сайтынан карап, дары-дармектер акысыз же, акылуу экенин билип алышат.
Бул арада Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жарандар үчүн ыңгайлуу болгон «Дары-дармек» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Ал тиркеме аркылуу жаран дарынын кутучасындагы QR-кодду көчүрүү менен бардык маалыматтарды билип алса болот. Анан калса, үйдө отуруп эле кайсы дары кайсы дарыканада бар экенин боюнча маалыматты таап, мурдагыдай убарагерчилик тартпайт.
Кыргызстан өзүнүн стандарттуу QR-кодун жасаган жок. Түркиялык адистер кыргызстандык кесиптештерине көмөктөшүп, эми дээрлик бардык өлкөлөр үчүн иштелип чыккан QR-кодду колдоно ала турган болдук.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 266 фармацевтикалык компания каттоодон өткөн. Алар өлкө боюнча 6,5 миң аталыштагы дары-дармектерди сатышат.