Turmush — Ош технологиялык университетинде алдыңкы студенттер сыйланды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Жаштар комитетинин демилгеси менен 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, спортто жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөткөн алдыңкы студенттерге окуу жайдын ректорунун атынан өз мектептерине ыраазычылык каттар берилди. Алгач Ош шаардык жаштар комитетинин өкүлдөрү Ош шаарынын коомдук турмушунда активдүүлүгүн көрсөткөн биздин студенттерге ыраазычылык билдирип, Ош шаардык мэриясынын ардак грамоталарын тапшырды.
Университеттин ыраазычылык баракчасын тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов тапшырып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Бул жөрөлгө жыл сайын окуу жылынын аягында салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет.
Иш-чаранын негизги максаты университетте билим алып жаткан студенттерди өз кесибинин мыкты адиси болууга үндөө, коомдо өз ордун татыктуу табууга чакыруу болуу эсептелет.