Turmush — Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналып, кесипке билим берүү технологиясы кафедрасы тарабынан «Билим берүүнү реформалоонун багыттары» деп аталган эл аралык семинар өткөрүлдү.
Бул иш-чарага өлкөдөгү жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан окумуштуулар, Казакстан, Өзбекстан Республикасынан окумуштуулар, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр жана орто мектептин мугалимдери өздөрүнүн баяндамалары менен катышты.
ОшТУ көптөгөн чет өлкөлөр менен билим берүү багытында кызматташып келет. Бүгүнкү эл аралык семинарда баяндамачылар тарабынан билим берүүдөгү ар кандай багыттар, билим берүүнүн реформасынын ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлүшү, алардын практикада колдонулушу, келечекте натыйжасы тууралуу көптөгөн маалыматтар айтылды.
Иш-чаранын катышуучулары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун билим берүүнү реформалоонун беш багыты боюнча талкуу жүргүзүштү. Семинардын акырында резолюция кабыл алынды.