Turmush — Ош технологиялык университетинде 500гө жакын аялзаты — энелер, болочок апалар эмгектенет. Энелер күнүн утурлай алар үчүн майрамдык иш-чара өттү.
Майрамдык салтанат гуманитардык-технологиялык колледжинин аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду. Мында окуу жайда эмгектенип жаткан аял-энелерге колледждин жетекчилиги, аялдар кеңешинин төрайымы, профсоюздук комитеттин төрайымы тарабынан куттуктоолор айтылып, белектер берилди. Университеттин коомдук турмушунда жана билим, тарбия берүүдө, илимде ийгиликке жетишкен айымдарга аялдар кеңеши тарабынан ардак грамоталар тапшырылды. Энелерге арналып, концерттик программа тартууланды.
«Урматтуу асыл апалар, теңдеши жок мээрим берген энелер, сиздер үчүн ар бир күндү майрам кылып белгилесек жарашат. Майрамыңыздар менен! Эч качан жүзүңүздөр муңайбасын, эч качан кайгы-капа тартпаңыздар», - деп айтылат университеттин куттуктоосунда.