Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусу, Нарын 25.03.2014 08:34

Нарында кургак учук дартына каршы он күндүк иш-чара өтүүдө

Turmush -  Нарын облусунда 3-апрелге чейин облустук алкакта «Биз кургак учукка каршыбыз», «Кургак учук айыгат» деген чакырыктар алдында облустук, район, шаардык мекеме, уюм ишканаларда ушул дарт боюнча баяндамалар жасалып жатат. Бул тууралуу Нарын облустук өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Динара Жунусова аймактык кабарчыга билдирген.

«24-март кургак учукка каршы күрөшүүнүн күнүнө карата декадалык иш-чаралар болууда. Анда окуу жайлардагы студенттер, окуучулар арасында дил-баян жазуу, сүрөт тартуу жана башка сынактар өткөрүлүүдө. Жыйынтыгы 3-апрель күнү чыгарылат», - деди Д.Жунусова.

Облустук кургак учукка каршы дарылоо диспансери берген малымат боюнча учурда аталган облуста 500дөн ашуун жаран ушул ооруга чалдыгып, дарыланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×