Turmush — Наманган инженердик-курулуш институтунда «Чет тилдерин окутууда жана үйрѳнүүдѳ заманбап, информациялык жана инновациялык технологиялардын колдонулушу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференцияга Россия, Корея, Кыргызстан, Казакстан, Тажикистан, АКШ элчилиги, жана ϴзбекстан ѳлкѳлѳрүнүн билим берүү системасындагы ѳкүлдѳрү катышты.
Бул конференцияда Ош технологиялык университетинин дүйнѳлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары К.Т.Тургунбаева «The effective teaching English in academic structure» жана Н.З. Хабибуллаева «Вербализация категории и пространства в английской и кыргызской лингвокультурах» аттуу илимий макалаларын пленардык кеңеште баяндама жасашты.
Конференцияны Наманган инженердик-курулуш институтунун ректору Ш.Т. Эргашев ачып келген конокторду, катышуучуларга ийгилик каалады. Ал өз сөзүндө бул конференциянын максаты жогорку окуу жайлардагы билим берүүдө чет тилинин ролун жогорулатууда заманбап технологиялардын колдонуунун түрдүү ыкмаларын бирдикте, тажрыйба алмашуу менен ортого салуу жана студенттердин мобилдүүлүгүн эл аралык деңгээлде мындан да мыкты жогорулатуунун жолдорун айтып кетти.
Ошондой эле конференцияда ар ѳлкѳнүн катышуучулары түрдүү, актуалдуу заманбап технологиялардын эффективдүү колдонуунун ар кандай ыкмаларын чагылдырган илимий макалаларын окушту. Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.