Turmush — Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп Нурсултан Сатыбалдиев дайындалды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Ж.Жыпаркуловдун 2023-жылдын 18-майындагы №88-к буйругунун негизинде, Нурсултан Сатыбалдиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, 2023-жылдын 18-майынан баштап мамлекеттик курулуштун Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Сатыбалдиев Нурсултан Урайымжанович 1996-жылдын 22-февралында Баткен районунун Бай-Карабак айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 1кыздын атасы.
Билими:
- 2013-2017-жылдары Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде архитектура жана курулуш факультети аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2017-2022-жылдары Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында адис, жетектөөчү адис болуп иштеген.