Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 24.03.2014 17:26

Ош облусунда кургак учук оорусунун жалпы саны балдар арасында 32,2 % түзөт, - Облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борбору

Turmush -  Ош облусунда кургак учук илдетинин көрсөткүчү төмөндөп, андан өлүмдүн саны азайганы менен, кургак учуктун боюнча эпидемиологиялык кырдаал жагымсыз бойдон калууда. Бул туурасында бүгүн, 24-мартта маалымат жыйында Ош облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун директорунун милдетин аткаруучу Галина Лиходед билдирди.

Анын айтуусунда, акыркы 6 жыл ичинде 2007-жылдан 2013-жылга чейин кургак учук оорусу төмөндөгөн. Тактап айтканда, 103,2%дан 100 миң адамга 98,5%га чейин төмөндөгөн.

«Кургак учук оорусуна текшерилип, андан оорулуу деп аныкталган балдардын саны 100 миң адамга 32,2%ды түзөт. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн саны 69,1%ды түзсө, ооруну алып жүргөн калктын саны 100 миң адамга 4,6%ды түзөт», - деди Г.Лиходед.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×